Кочкордогу мугалим экинчи ирет суракка чакырылгандан кийин асынып алган

Кочкордогу мугалим экинчи ирет суракка чакырылгандан кийин асынып алган

Бир күн мурун Кочкор районунда мугалим асынып алганы тууралуу маалымат чыккан. Мугалим экинчи ирет прокуратурага чакырылгандан кийин өз жанын кыйганы белгилүү болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аталган аял иштеген мектептен билдиришти.

Анын атын жазбай турууну суранган кесиптешинин айтымында, мындан бир жарым ай мурун райондук прокуратуранын кызматкерлери бардык мектеп мугалимдеринин документтерин текшерүү үчүн алып кетишкен. Ал эми бир нече убакыттан кийин Ч.Г.ны суракка чакырышкан.

«Ал бизге көп эч нерсе айткан жок. Сурактан кийин ал өзүнүн кабинетине кирип кетти. Бир эмес эки жолу суракка алынганын башка мугалимдерден уккам», — дейт Ч.Г.нын кесиптеши.

Анын айтымында, шаршемби күнү, 9-мартта прокурорлор мектеп директоруна Ч.Г. суракка келиши керектигин айткан. Ошол эле күнү мугалимди күйөөсү өз үйүнүн короосундагы кампадан асынып алган жеринен тапкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>