Кой-Таш окуясы. Соттук отурум 6-майга жылдырылды

Кой-Таш окуясы. Соттук отурум 6-майга жылдырылды

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 6-майга жылдырылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.

Соттук отурум кээ бир жактоочулар келе албай калгандыктан жылдырылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугу начар болгонуна карабай Кой-Таш окуясы боюнча бүгүн өтө турган сот отурумуна катышуу үчүн келгенин «Репортерго» жактоочу Замир Жоошев билдирген болчу.

Алмазбек Шаршеновичдин кан басымы буга чейин айтылып жаткандай дагы эле төмөн. Бирок ал ага карабай Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандарды колдоо үчүн сотко катышарын билдирди”, – деген Жоошев.

Кой-Таш окуясы боюна 27-апрелге белгиленген соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу 29-апрелге жылдырылган болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>