Кой-Ташта жоокерлер ант беришти

Кой-Ташта жоокерлер ант беришти

2025-жылдын 17-майында Коргоо министрлигинин 73809-аскер бөлүгүндө жазгы чакырууга чакырылган жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Бул күнү Кыргызстандын 200дөн ашуун жаш жарандары Мекенге кызмат кылууга ант беришти.

Үч жуманын ичинде жаңы чакырылган жоокерлер тажрыйбалуу офицерлердин, сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокерлердин курсунун алкагында күжүрмөн даярдыктан өтүштү. Жаш жоокерлер Жалпы аскердик жобонун талаптарын окуп, машыгуунун, физикалык жана тактикалык даярдыктын негиздерин өздөштүрүштү, ошону менен өздөрүн аскердик милдеттерин мындан ары абийирдүү аткарууга ант беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: ант берүү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>