7 жана 8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Анын орун басары Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов.
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Алмазбек Баатырбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;
Жаныбек Бакчиев — Жогорку Кеңештин депутаты;
Абдыбек Дүшалиев — Жогорку Кеңештин депутаты;
Талант Мамытов — Жогорку Кеңештин депутаты;
Бакирдин Субанбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;
Тынчтык Шайназаров — Жогорку Кеңештин депутаты;
Азамат Араев — Өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Рысбек Абдысатаров — Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы;
Марат Жаманкулов — Юстиция министри;
Алтынбек Намазалиев — Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Марс Саккараев — Аламүдүн районунун акими;
Бекболсун Асанкулов — Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы;
Артур Медетбеков — “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы;
Исмаил Исаков — Экс-депутат, коомдук ишмер
Кубатбек Кожоналиев — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Турсунбек Акун — Экс-акыйкатчы;
Алишер Мамасалиев — эксперт, коомдук ишмер.