Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды

14.10.2025 | 21:57

Бишкек милициясы Көк-Жар айылындагы мыйзамсыз турак жай курулуштарына байланыштуу иштин алкагында мурдагы айыл өкмөт башчысы Ч.Э.ни кармаганын билдирди.

Маалыматка караганда, учурда ал Ноокат районунун акими болуп иштейт. Өз кызматында турган кезде Ч.Э. эки ишкер менен алдын ала сүйлөшүп алып, айдоо жерлерди майда тилкелерге бөлүп, мыйзамсыз түрдө турак жай курулушуна саткан.

Милициянын маалыматына ылайык, бул аракеттердин кесепетинен Көк-Жар айылынын №172 контур аймагында массалык түрдө мыйзамсыз үйлөр курулуп, электр мамычалары орнотулуп, суу түтүктөрү тартылып, жолдорго шагыл төшөлгөн.

Натыйжада айдоо жерлердин кыртышына олуттуу зыян келтирилип, мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык чыгым келтирилген.

Бул иш боюнча жалпы 12 адам кармалып, тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top