Юристтердин айтымында, кол чогултуу электрондук ыкма менен www.stop-referendum-kg.com сайты аркылуу жүрүп жатат.
Демилгечилер референдум тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу жана парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн кеминде жарым миллион кол чогултууну көздөп жатышканын маалымдашты.
Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева буларды айтты.
«Эгерде азыр биз конституциялык реформага ушундай жол менен барсак, анда бир-эки жылдан кийин кайра эле ушул жолго түшөбүз. Кайра эле Кыргызстан мамлекеттик төңкөрүштүн барымтасында кала берет», — деди ал.
Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкканы 17-ноябрда белгилүү болгон. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды. Кийин ал депутаттардын айрымдары демилгечи болуудан баш тартканын билдиришти жана Баш мыйзамдын долбоорун жазбаганын, аны көрбөгөнүн, ага автор эмес экенин айтып чыгышты.
20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү.