Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору даяр болду. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Конституциялык кеңешменин мүчөсү Болот Токтобаев тастыктады.
Анын айтымында, 26-январда аны Конституциялык соттун жалпы жыйынына алып келишет.
«Эгер ал кабыл алынса, анда Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат», — деди ал.
Жолугушуу Улуттук илимдер академиясында болот.