Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Көпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайы
11.03.2026 | 09:00

Бүгүн, 11-мартта, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ашууларга кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10°C, күндүз -2…-7°C;
- Талас облусунда түнкүсүн -6…-11°C, күндүз -2…-7°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 0…5°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 0…5°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5°C, күндүз -1…4°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8°C, күндүз -3…2°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10°C, күндүз 0…-5°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°C, күндүз -5…-7°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом