Коркутушат, медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартышат: СИЗОдогу аялдар мыйзам бузууларга даттанышты

КРнын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Бишкектеги №1 СИЗОну текшерип, камакта отурган аялдардын укуктары бузулуп жатканын аныктады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Жамиля Жаманбаева СИЗОнун аялдар корпусундагы бардык 19 камераны кыдырган. 129 аялдын ичинен 12си аны менен жеке сүйлөшүүнү кааларын билдирген. Алар СИЗОнун эки кызматкери тарабынан коркутуу жана орой мамиле болгонун, ошондой эле жакындары менен байланышууга уруксат берилбей жатканын айтышкан.
Көптөгөн айыпталуучулар медициналык бөлүмдүн иши начар экенине даттанышкан, жардам көп учурда кеч көрсөтүлөт же таптакыр баш тартышат. Айрым аялдардын мамлекеттик жактоочусу жок же алар менен өз убагында байланышууга мүмкүнчүлүк болбойт.
Мындан тышкары, аялдар балдары менен баарлашууга берилген убакыт жетишсиз экенин белгилешкен. Айрыкча СИЗОдо бир жарым жаштагы баласы менен отурган аялдын абалы өзгөчө тынчсыздандырган, ал үчүн керектүү шарттар түзүлгөн эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча Жаманбаеванын сунуштары Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигине жөнөтүлдү.