Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 11 млн 300 миң сом түштү

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 11 млн 300 миң сом түштү

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 24-мартка карата 11 миллион 300 миң сом сом келип түштү. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Учурда ал каражаттын бир да тыйыны коротула элек.

Ачаны бөлүштүрүү тартиби Жогорку Кеңеш менен макулдашылат, андан соң коротулган каражаттар боюнча жума сайын маалымат айтылып турарын буга чейин вице-премьер Эркин Асрандиев айткан.

Эске салсак, Каржы министрлиги тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган.

Эсептин номери: 4402011000101373

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>