Учурда стационардык дарылоодон өтүп жаткан бейтаптардын абалы тууралуу коронавирусту өлкө аймагына жайылтпоо үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан маалымат беришти.
122 киши – абалы канааттандырарлык;
10 адам – абалы орточо оор;
6 адам – реанимацияда;
34 адам – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда вирусту жуктурган 44 учур катталган.