WhatsApp мессенджери аркылуу «Кыргызстанда коронавирус катталды» деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
«Орусияда эмгектенген Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 1992-жылы туулган Ж.Ы. аттуу тургуну жалган маалымат таркатып жүргөн. Шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган. Күч органдары ага жалган маалымат үчүн жазага тартылары эскертишкен», — деп жазылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги элди дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскерет.