УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Пригородное айылын кыдырган учурда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кадр тандоодогу чабалдыгы үчүн ачык сынга алды.
Ташиевдин айтымында, Пригородное айылынын мурдагы башчысы Бакыт Шеримбеков парк курууга байланыштуу үч жыл катары менен тендер өткөрүп, үч жолкусунда тең бюджеттик каражатты жеп алган. Бул факт боюнча эки кылмыш иши козголгон.
Ошого карабай, Бишкек мэри Шеримбековду кийинчерээк муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси кылып дайындаган.
“Сиз бирөөнү кызматка коёрдо карабайсызбы. Демек, кадр тандоодо тажрыйбаңыз жок экен. Конкреттүү коррупционерди шаардын мүлкүн караган кызматка коюп алгансыз”, — деп сындады Ташиев.
Ошол эле жерден Ташиев Бакыт Шеримбековду камакка алууну буйруду.