Кош бол бүтүрүүчү! Абитуриенттер кайсы окууга тапшырса утат?

Кош бол бүтүрүүчү! Абитуриенттер кайсы окууга тапшырса утат?

2024-2025-окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде  9-классты 135 681 окуучу, ал эми 11-классты 80 348 окуучу аяктап жатат. Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр, окуучулардын мектепке баруу деңгээли жана бүтүрүүчүлөрдүн динамикасын айгинелейт. Эгер байкасаңыз, 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны 11-класстагыларга караганда дээрлик эки эсеге көп. Бул өз кезегинде мектепти толук аяктаган окуучулардын санынын азайганын, айрым балдардын билим берүүнү улантууну токтотконун же кесиптик жана техникалык билим берүү системасына өтүп жатканын айгинелейт.

Серепчилердин айтымында, бул тенденциянын себептерин талдоо жана атайын чараларды иштеп чыгуу билим берүү системасын жакшыртууда маанилүү.

12 жылдык билим берүүгө өтүү

2024-2028-жылдарга карата Кыргызстан мектептик билим берүүнүн 12 жылдык системасына өтүү алдында турат. Бул реформанын негизги максаты окуучуларды заманбап талаптарга ылайык даярдоо, кесиптик багыттарды эрте тандоого мүмкүндүк берүү. Жаңы концепцияга ылайык, 10-11-12-класстын окуучулары билим берүү программалары менен катар, жумушчу кесиптерге багытталган кошумча кесиптик билим алат. Бул программалар атайын кымбат жабдууларды талап кылбаган чач тарач,ашпозчу, тигүүчү жана компьютер колдонуучу сыяктуу кесиптерди камтыйт. Бул кесиптердин күн санап аброю артып, талап күчөп жатканына ылайык, учурда 20дан ашуун кесип пайда болду жана алардын саны өсүүдө.

Мурункудай 5 жыл жогорку билим алып, андан соң жумуш таап иштеп кетүү түйшүгү бүгүнкү күндө актуалдуулугун жоготуп бараткандай. Анткени өлкөнүн эмгек рыногунда жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору бойдон калууда. Мисалы, тигүүчүлөр,курулуш кызматкерлери, айдоочулар жана кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер үчүн миңдеген бош орундар бар. Эмгек министрлиги бул багытта бош орундар жарманкесин үзгүлтүксүз уюштуруп жатканы буга далил.

Демек, мектептин ичинде окуучуларды ушул кесиптерге окутуу өлкөнүн экономикасынын муктаждыктарын камсыздоого чоң салым кошот.

Бирок бул реформалардын ийгилиги үчүн кадрдык жана материалдык-техникалык база камсыздалышы шарт. Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай,бүгүнкү күндө Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы программаларды иштеп чыгуу, кадрларды даярдоо жана окуу куралдарын жаңыртуу боюнча иш алып барууда. Мындан тышкары, мектептер менен кесиптик лицейлердин кызматташуусу мыйзамдын негизинде каралып жатат. Бул мектептик кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет.

 Акыркы коңгуроо салтанаты жана коомчулуктун жоопкерчилиги

Өлкө боюнча Акыркы коңгуроо салтанаты 26-майда саат 9:00дө жаңырат. Бул күнү  региондун бардык аймактарында салтанаттар өтүп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн окуу жылы жыйынтыкталат. Аны утурлай Агартуу министрлиги Акыркы коңгуроо майрамына акча каражатын чогултуу, фейерверк аттыруу, гелий шарларын учуруу, банкет өткөрүү сыяктуу иш-чараларга тыюу салганын жарыялады. Бирок биздин редакцияга окурмандардан министрликтин тыюу салганына карабай эле, мектептерде бул максатта акча чогултулуп жатканын билдирген каттар тынбай келүүдө. Буга ким чара көрөт, кайда кайрылыш кереги тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

Агартуу министрлигинин айтымында,бул эрежелер мурунку жылдардагы кээ бир көйгөйлөргө жооп катары кабыл алынган.

“Коомчулуктун кызыкчылыгын коргоп, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу — эң башкы милдеттердин бири. Ошондой эле, ата-энелердин жана мектеп жетекчилеринин жоопкерчилиги жогорулатылып, коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт»,-деп түшүндүрүштү министрликтен.

Мындан сырткары бүгүн, 23-майда Бишкектеги мектеп директорлору менен Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жыйын өткөрүп, анда “Акыркы коңгуроо” салтанатындагы коопсуздук маселелер боюнча эскертүү берилди.

 Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу экзамендеринде быйыл кандай өзгөчөлүктөр бар?

Өлкөнүн билим берүү системасындагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири — мамлекеттик экзамендердин жана сертификаттардын жаңы форматы. 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү быйыл 4 предмет боюнча 2-июндан 17-июнга чейин тестирлөөдөн өтөт. Бул экзамендер кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуган класстар үчүн уюштурулуп, билим берүүнүн тилдер аралык теңчилигин камсыздайт.

Белгилүү болгондой, 2024-жылдан баштап бүтүрүүчүлөрдүн сертификаттары жана дипломдору электрондук форматта берилүүгө өттү. Бул чечим документтерди ыкчам алуу, жоголуу коркунучун азайтуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн абдан маанилүү. Санариптик документтер билим берүү системасын заманбап технологияларга интеграциялоо багытында олуттуу кадам болуп саналат.

Мектептерге санариптик технологиялардын киргизилиши

Учурда биздин өлкөдө башталгыч класстарда планшет колдонууга расмий уруксат берилбейт. Бирок министрлик окуучулардын жүгүн жеңилдетүү, окуу процесси үчүн санариптик ресурстарды колдонуу жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Санариптик технологияларды мектептерге этап-этабы менен киргизүү окууну ыңгайлуу кылат.

Кыргызстанда билим берүү тармагы азырынча чоң реформалардын алдында турат. 12 жылдык система, кесиптик багыттардын кеңейиши, электрондук документтерге өтүү, эмгек практикасынын калыбына келиши — булар баары билим берүүнү заманбап талаптарга ылайыкташтыруу максатында жасалып жаткан кадамдар.

Жыйынтыктап айтканда, жогоруда биз айткан реформалар өлкөнүн келечеги — жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга жана аларды заманбап, талап кылынган кесиптерге даярдоого багытталган. Жаштар келечек ээлери деп жөн жерден айтылган эмес. Эгер бүгүн биз жаш муунга татыктуу жана пайдалуу билим берип, алардын билим алуусуна шарт түзсөк, өлкөнүн келечеги үчүн жан үрөп иштей турган кадрлар мына дал ушулар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>