12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Туюк дарыясындагы чакан ГЭСтин курулушун каржылады
18.12.2025 | 17:00
Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “ЧуйРусГидро” ишканасынын Чүй облусунун Ысык‑Ата районунда чакан гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорун колдоду. Объект Туюк суусуна курулат. Мамлекеттик банктын каржылоосу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү 516,1 миллион сомдук долбоорду ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди.

Жаңы ГЭС жогорку басымдуу деривациялык станциянын тибине кирет, ал суу сактагыч курууну талап кылбастан, суунун деңгээлиндеги табигый айырманы пайдаланат. Долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясы тартыш болуп турган шартта өзгөчө актуалдуу болуп, Туюк дарыясынын гидроэнергетикалык потенциалын натыйжалуу өздөштүрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика