КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кылычовго чакыруу бүгүн, 4-июлда саат 15.00гө берилгенин Facebook баракчасына жазып чыкты.
Аталган кызмат Кылычов күбө катары суралып жатканын маалымдаганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, 3-июлда Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг өткөрүп, бийликке бир нече талап коюшкан.