Коомдук биринчи каналдын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев бүгүн түндө каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.
Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан кезинде, 21-июлга караган түнкү саат 1:30дун тегерегинде үзүлгөн.
Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган.
Жекшеев Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер болгон.
Маркумдун акыркы кызматы 2017–2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Жыпар Жекшеевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.