Феликс Кулов: БШКнын “Кыргызстан” партиясы боюнча чечими мыйзамсыз

Феликс Кулов: БШКнын “Кыргызстан” партиясы боюнча чечими мыйзамсыз

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин кабыл албай, артка кайтаруусу мыйзамсыз.  Мындай пикирин саясатчы Феликс Кулов Фейсбук баракчасына жазды. 

Ал БШКнын чечими мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерге туура келбестигин айтып, аны жокко чыгаруу керектигин билдирген.

“БШКнын “Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткан себеби, тизмени ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам алып келгени. Дароо айтып коён, мен “Кыргызстан” партиясын коргоюн деген оюм жок. Мени бул партиянын тагдыры таптакыр кызыктырбайт. Бирок биздин Конституцияда жазылган, биз мыйзамга баш ийген өлкөбүз, БШК мыйзамга таянып чечим кабыл алышы керек.

Ал эми мыйзамда каттоодон баш тартууга негиз болуучу 7 себеп так жазылып турат. Бирок алардын арасында “ыйгарым укуктуу өкүлүнөн” башка адам алып келсе каттабай коюу керек деген жери жок.    

Ооба шайлоо тууралуу мыйзамдын 61-беренесинде айтылат “документтерди БШКга ыйгарым укуктуу өкүл тапшырышы керек” деп. Бирок башка адам тапшырса каттабай коюуга негиз болот деп мыйзамда жазылган эмес.

Бул албетте эреже бузуу, бирок ал үчүн партияны каттабай коё тургандай эмес. 

Мына ошондуктан БШКнын чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек”, — деп жазган саясатчы өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 24-мартта “Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди кечигип бергендиги тууралуу маалымат тараган.

Партиянын лидери Канатбек Исаев кечээ 25-августта маалымат жыйын өткөрүп, бардык документтер өз убагында берилгенин айткан.

Ушул эле күнү БШК «Кыргызстан» партиясынын документ тапшыруудагы чуусу боюнча маселени карады. Анда “документтерди ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам тапшырып, мыйзам бузуу болгон” деп таап, “Кыргызстанды” каттоодон баш тарткан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>