“Кумтөр” алтын кенинде жоголгон эки кызматкерди издөө үчүн 31 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабаралды.
Маалым болгондой, кызматкерлердин жайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 1-декабрь күнү түшкөн.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын бергенин Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.