“Кумтөр Голд Компани” ишканасы жаш адистерди колдоо максатында быйыл 90го жакын студентти жана жаңы бүтүрүүчүнү практикага кабыл алды.
Ишкананын маалыматына ылайык, жыл сайын жогорку окуу жайлары менен кызматташып, студенттер үчүн 3 айлык өндүрүштүк практика жана 2 жылдык такшалма программаларын уюштурат.
Программа катышуучулары кен казуу тармагында реалдуу иш процессине аралашып, заманбап технологиялар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.