Site icon Reporter.kg

Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы шайланды

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеште “Кумтөр Голд Компани” ЖЧКсынын Кыргызстандын менчигине өткөн учурдан тартып алтын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Исхак Масалиев шайланды.

Төраганын орун басарлары болуп Арсланбек Малиев (Жети-Өгүз району), Жусупбек Коргонбай уулу («Мекенчил»), Нилуфар Алимжанова («Альянс») шайланды.

Депутаттык комиссиянын курамына 13 депутат кирген. Алардын тизмеси. 

Буга чейин Башкы прокуратура  «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен ишкананын башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш ишин козгогон.

Маалым болгондой, «Кумтөр» ишканасынын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Бул боюнча компаниянын тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк кармалып, ал 10-ноябрга чейин камакта калтырылган.

Мындан тышкары буга чейин социалдык тармактарда президенттин бир тууганы Сабыр Жапаровдун сүрөтү кызуу талкууга алынган. Сүрөттө Сабыр Жапаров колунда алтын куймалар менен сүрөткө түшкөн. Жанында медициналык беткап кийген адам болгон. Социалдык тармакта ​​бул сүрөт качан тартылганын аныктоого аракет кылышкан.

Кийинчерээк президент социалдык тармактарга тараган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча түшүндүрмө берген. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version