Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын райондук соттон кабарлашты.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов 27-августта үй камагына алынган. Ушул эле күнү анын 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган.
Курсан Асанов 8-август күнү Атамбаевдин кармоо операциясында “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп, 13-август күнү ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деген айып таккан.