Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23- февралга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын, райондук соттон кабарлашты.
Курсан Асанов 8-август күнү Атамбаевди кармоо операциясында “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп, 13-август күнү ээлеген кызматынан бошотулган.
27-августта ал үй камагына алынып, ушул эле күнү анын 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган. Кийин анын үй камагындагы мөөнөтү 23-декбарга чейин узартылган.
Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деген айып таккан.