Кыйноого каршы улуттук борбор: Бишкек ИИБинин тергөө изоляторунда 32 кишиден пневмония аныкталды

Кыйноого каршы улуттук борбор: Бишкек ИИБинин тергөө изоляторунда 32 кишиден пневмония аныкталды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу тергөө изоляторунда 32 кишиден пневмония аныкталды. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордон билдиришти.

Аталган борбордун кызматкерлери кечээ, 26-ноябрда тергөө изоляторун кыдырып чыгышкан.

«Учурда 63 кишиге ылайыкташтырылган жерде 100 киши отурат. Ошол эле маалда алардын 32синен пневмония аныкталган», — деп маалымдайт.

Борбордун билдирүүсүндө сот 99 кишини Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын №21 тергөө абагында кармоо жөнүндө чечим чыгарганы, бирок соттук актыга карабай мекеме аларды кабыл албай жатканы белгиленген.

“Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында инфекциялык ооруга чалдыккан бейтаптарды дарылоого шарт жок. Камераларда адамдардын көптүгү — жугуштуу оорулардын кызматкерлердин жана ал жакта кармалгандардын арасында жайлышына алып келет ”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жаза аткаруу башкы башкармалыгына, ИИМге жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштар жөнөтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>