Кылмышкер үйгө кирип, зер буюмдарды уурдап кеткен — видео

Кылмышкер үйгө кирип, зер буюмдарды уурдап кеткен — видео

Бишкекте үйлөргө кирип, уурулук кылып жүргөн деп шектелген 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр 28-октябрда Биринчи май райондук милицияга А.К. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 09:30да белгисиз адамдар Ак-Босогодогу үйүнө кирип, зер буюмдарды уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 43 жаштагы Ш.К. аттуу жаран кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды  0(550) 102 360, 0(559) 808 580 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>