Кыргыз өкмөтү ишкерлерди колдоо үчүн пайыздык чени төмөн насыя берет

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди колдоо үчүн пайыздык чени төмөн насыя берет

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди колдоо үчүн пайыздык чени төмөн насыя берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, региондордогу чакан жана орто бизнеске өкмөт тарабынан түзүлгөн антикризистик фонддон көмөк көрсөтүлөт. Анын алкагында насыянын үстөк пайызы 4-8% айланасында болот жана 25-30 миң ишкер кредит алышы мүмкүн.

Каражатты өндүрүш, кайра иштетүү, экспорт жана импорттун ордун баса турган тармактарга берүүгө басым жасалат.

«Күрөө маселесин чечүү үчүн Мамлекеттик кепилдик фондунун каражатын эки эсе көбөйтүү жагы караштырылып жатат. Мындан тышкары антикризистик программанын алкагында жумушсуздарды колдоо, иши токтоп калган ишкерлерге көмөктөшүү жагы да каралган», — деди Асрандиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>