Кыргыз аскерлери Казакстандын кайсы имаратын кайтарып жатат? Жооп

Кыргыз аскерлери Казакстандын кайсы имаратын кайтарып жатат? Жооп

Кыргыз аскер кызматчылары Казакстандын Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышууда. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Казакстан Республикасына жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти тынчтыкты сактоочу миссияны аткарууда. ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тынчтык орнотуу күчтөрүнүн азыркы учурдагы негизги милдети — Казакстандын өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болуп саналат.

Кыргызстандын тынчтыкты орнотуучулары Жогорку Кеңештин чечиминин, КР Президентинин Жарлыгынын негизинде жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 1992-жылынын 15-майындагы 4-беренесине ылайык тынчтыкты орнотуу ишин жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>