Кыргыз балбандары Азия чемпионатында 23 медаль утушту

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында 23 медаль утушту

Кыргызстандын Алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 23 медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш Индиянын Дели шаарында болуп өттү. Кыргыз балбандары чемпионатта 11 алтын, 8 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушуп, командалык эсепте биринчи орунду камсыздай алышкан.

Алтын медалдын ээлери:

  • 60 кг Баяман Абидинов (эркин стиль);
  • 80 кг Айболот Аманов (эркин стиль);
  • +100 кг Иманали Сагынали Уулу (классикалык стиль);
  • 100 кг Ахрорбек Абдукаимов (классикалык стиль);
  • 90 кг Болотбек Туратов (классикалык стиль);
  • 60 кг Роман Сапаров (классикалык стиль);
  • +75 кг Айжан Анарбекова (эркин стиль);
  • 65 кг Нурзат Бактияр кызы (эркин стиль);
  • 55 кг Аяна Рыскулбекова (эркин стиль);
  • +75 кг Айжан Анарбекова (классикалык стиль);
  • 60 кг Бибимариям Абдижалил (классикалык стиль);

Күмүш медалдын ээлери:

  • 70 кг Кенжебай Наарынбай уулу (эркин стиль);
  • 90 кг Азизхан Мусабек уулу (эркин стиль);
  • 100 кг Асангелди Нурказым уулу (эркин стиль);
  • 70 кг Марлен Абдурасулов (классикалык стиль);
  • 70 кг Адинай Алмазбекова (эркин стиль);
  • 60 кг Бегайым Акбалаева (эркин стиль);
  • 70 кг Айжаркын Алмазбекова (классикалык стиль);
  • 75 кг Элмара Жайчибекова (классикалык стиль).

Коло медалдын ээлери;

  • +100 кг Имангазы Койлуев (эркин стиль);

Алыш күрөшү классика

  • 80 кг Элдияр Сексенбаев (классикалык стиль);
  • 75 кг Феруза Курстанбек кызы (эркин стиль);
  • 55 кг Мадина Кожоярова (классикалык стиль).

Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>