“Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев суракка чакыртылды

“Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев  суракка чакыртылды

“Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды. Маалыматты Репортер агенттигине  өзү тастыктады.

“Бүгүн эрте менен Аскер прокуратурасынан тергөөчү чалып, 2-октябрга саат 17:00гө суракка келишимди айтты, андан кийин чакыруу да жиберишти. Эмне себептен чакырып жатышканын мен билбейим, алар да айткан жок. Белгиленген убакытка адвокатым менен кошо барууга камданып жатам”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Эмил Үмөталиев 2010-2011-жылдары Экономика министрлигин жетектеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>