“Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды. Маалыматты Репортер агенттигине өзү тастыктады.
“Бүгүн эрте менен Аскер прокуратурасынан тергөөчү чалып, 2-октябрга саат 17:00гө суракка келишимди айтты, андан кийин чакыруу да жиберишти. Эмне себептен чакырып жатышканын мен билбейим, алар да айткан жок. Белгиленген убакытка адвокатым менен кошо барууга камданып жатам”, — деди ал.
Белгилей кетсек, Эмил Үмөталиев 2010-2011-жылдары Экономика министрлигин жетектеген.