Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору: Электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек

Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору: Электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек

«Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору» ААКтын башкы директору Талайбек Байгазиев Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керектигин айтты.

Байгазиев керектөөчүлөр базар режиминде болушу керектигин белгиледи.

«Тарифти ар дайым бир киловатт саатына 77 тыйындан кармай албайбыз. Бенефициарлар үчүн социалдык тариф болушу керек деп түшүнөбүз. Бирок электр энергиясын керектөө өсүп жаткандыктан, тарифти дагы жогорулатуу керек. Коңшу мамлекеттердин бардыгы буга чейин тарифтерди көтөрүшкөн. «Акылдуу» эсептегичтерди киргизүү менен электр энергиясынын дифференциалдык тарифтери дагы мүмкүн, башкача айтканда, тургун өзү электр энергиясын колдонуу ыкмасын орното алат», — деди компаниянын жетекчиси.

Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кыргызстанда жылытуу сезону өтө курч жүрүп жаткандыгын, электр энергиясын керектөөнүн олуттуу өсүшү байкалгандыгын, бул электр тутумундагы аварияларга алып келиши мүмкүн экендигин билдирген.

“Тиешелүү чараларды көрүп, калкты электр энергиясын үнөмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп, керектөө көлөмүн кыскартуу керек», — деген Новиков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>