Кыргыз-Кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркеч-Там көзөмөл өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда билим күнү белгиленет. Ошол себептен чек ара жабылат. Торугарт көзөмөл өткөрүү жайы 1-октябрдан 6-октябрга чейин жабык болуп, 7-октябрда ачылат. Ал эми Эркеч-Там көзөмөл өткөрүү жайы 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылып, 4-октябрда ачылат.