Кыргыз-өзбек чек арасындагы 3 өткөрмө бекет күнү-түнү иштей баштады

Кыргыз-өзбек чек арасындагы 3 өткөрмө бекет күнү-түнү иштей баштады

18-июндан тарта кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги үч автожол өткөрмө пункту: “Кадамжай-автожол”, “Чечме-автожол” жана “Ак-Кыя-автожол” күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматын кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул чечим туристтик сезондо чек араны кесип өтүп жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Күнү-түнү иштөө режими ушул жылдын 1-октябрына чейин уланат.

Маанилүү: жогоруда көрсөтүлгөн өткөрмө пункттардан Кыргызстандын жана Өзбекстанстандын жарандары гана өтө алышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>