Чек ара кызматы: Тажикстан тарап «Достук» тозотун аткылады

Чек ара кызматы: Тажикстан тарап «Достук» тозотун аткылады

Бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кайра ок атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой Тажикстан тарап Баткен районунун Как-Сай жергесинде саат 14:00дөрдө «Достук» тозотунун чек ара кызматкерлерине ок аткан. Кыргызстандык чек арачылар жооп иретинде ок чыгарган.

«Ок атышуу уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Баткендин Булак-Башы жергесинде чыр чыкты. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>