Кыргыз-венгер кызматташтыгы: Агротармакка 100 миллион долларлык инвестиция тартылды

Кыргыз-венгер кызматташтыгы: Агротармакка 100 миллион долларлык инвестиция тартылды

Бүгүн, 26-июнда Ысык-Көлдө өтүп жаткан IV Түрк бизнес-агрофорумунун алкагында “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен Венгриянын “Умвелт Групп” компаниясы 5 жылдык инвестициялык кызматташуу боюнча Рамкалык келишимге кол койду. Келишимдин жалпы суммасы 100 миллион АКШ долларын түзөт.

Келишим Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт. Алардын ичинде канаттууларды өстүрүү тармагын модернизациялоо, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана заманбап агротехнологияларды киргизүү иштери каралган.

Форумдун жүрүшүндө венгриялык делегация Чүй облусундагы канаттуулар фабрикасын жана “Элита” асыл тукум чарбасын жеринен көрүп чыгып, өлкөнүн айыл чарба инфраструктурасы менен таанышты.

«Бул келишим Кыргызстандын айыл чарба тармагына түз инвестиция тартууда жана эл аралык кызматташууну чыңдоодо маанилүү кадам болду»,- деп билдирди министрлик.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>