«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы жаңы борборлоштурулган кампа салууда.
Ишкана кабарлагандай, бул ишкана мамлекетке караштуу ооруканалар менен бейтапканаларды дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылат.
Азыркы учурда «Кыргызфармация» 300гө жакын мекемеге кызмат көрсөтүп жатат. Бирок талап өсүп жаткандыктан жана дары-дармектерди эл аралык стандарттарга ылайык сактоо керек болгону үчүн жаңы логистикалык база курулуп жатат.
Бул максатта мурдагы “Айдан Фарма” заводу жайгашкан жерде 2000 м² аянттагы имарат «Кыргызфармацияга» берилди. Азыр ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат жана кампа эл аралык стандарттагы – GDP (Good Distribution Practice) талаптарына ылайыкташтырылат.