«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн

12.03.2026 | 16:02

«Кыргызкөмүр» ишканасы 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көлөмдө көмүр казып алды. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Ошондой эле ишкана 511 миллион сомдон ашык таза пайда тапкан. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Маалыматка ылайык, ички рынокту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ЖЭБине 587 миң тонна көмүр жеткирилген. Бул көрсөткүч ишкана өндүргөн жалпы көлөмдүн 40%дан ашыгын түзөт. 2026-жылы ишкана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү жана Ош, Жалал-Абад облустарында жаңы көмүр участокторун ишке киргизүүнү көздөп жатат.

Ошондой эле жыл ичинде беш жаңы көмүр кени ачылып, алардын жалпы баланстык запасы 133 млн тоннадан ашкан. Учурда казуу иштери 9 лицензиянын негизинде 8 участокто жүргүзүлүүдө. Кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 миллион 700 миң куб метрди түзүп, план 20 пайызга ашыгы менен аткарылды.

Мындан тышкары, ишкананын техникалык базасын жаңылоонун алкагында 46 даана атайын техника сатылып алынып, Кара-Кече кен жайында эки мобилдик сорттоочу комплекс ишке киргизилген.

Scroll to Top