«Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасынын директору болуп 38 жаштагы Мелис Тургунбаев дайындалды. Мындай чечимди ишкананын директорлор кеңеши кабыл алган.
Маалыматка караганда, Тургунбаев эмгек жамаатка тааныштырылып, кызматтык милдетин аткарууга киришкен.
Мелис Тургунбаев 2017-жылдан бери «Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешин башкарып келген.
Эмгек жолун 2002-жылы Каржы министрлигинде жетектөөчү адис катары башатаган.
2013-жылдан 2017-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешинде мүчө болгон.
2006-жылдан 2020-жылга чейин орусиялык “Гаспром” компаниясынында иштеген.
Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү. 2019-жылы докторлук диссертациясын коргоп, экономика илимдеринин доктору болгон.
«Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешин төрагалыгына Нурадин Касымов келген.