Кыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба продукциясын экспорттоо географиясын кеңейтти

07.01.2026 | 14:08

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдагы экспорттук ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарды. Жылдын негизги жетишкендиги катары ата мекендик продукциянын жаңы эл аралык рынокторго чыгышы жана сатуу каналдарын диверсификациялоо (ар тараптандыруу) аталды.

Артыкчылыктуу багыттардын бири — Кытай Эл Республикасына экспорттоо болду. Учурда жүн, кашемир, төө буурчак, канаттуу этин, кошумча азыктарды (субпродукты), ошондой эле термикалык иштетүүдөн өткөн этти жана тери чийки затын жеткирүүнү жөнгө салган 11 протокол макулдашылды. Отчеттук мезгилде 23 тонна кургатылган өрүктүн биринчи партиясы жөнөтүлдү. Өсүмдүк майын, шарап жана жашылчаларды экспорттоо даярдык баскычында турат.

Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөлөрүнө бал экспорттоо үчүн уруксат кагаздарын алуу боюнча ишти улантууда. Ошол эле учурда Улуу Британияга 298 кг бал жеткирилди.

Мал чарба сегментинде Сауд Аравиясына 144 жылкынын экспорттолушу маанилүү окуя болду, бул кыргыз продукциясына Перс булуңундагы өлкөлөрдө суроо-талап бар экенин тастыктайт.

2025-жылы Wildberries эл аралык маркетплейси аркылуу кайра иштетилген продукцияны сатуу көлөмүнүн өсүшү катталды. Бул платформа аркылуу бал жана кургатылган жемиштер жигердүү экспорттолууда, бул чакан жана орто өндүрүүчүлөргө чет элдик керектөөчүлөргө түз чыгууга мүмкүндүк берди.

Мекеме 2025-жылы экспорттук дараметти кеңейтүү ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоонун негизги фактору болуп калганын жана кайра иштетүү өнөр жайынын туруктуу өнүгүү динамикасын камсыздаганын баса белгиледи.

Scroll to Top