Кыргызстан 2026-жылы эле ЕБдин «кара тизмесинен» чыгуу мүмкүнчүлүгүн алды
Европа биримдиги 19 жылдан бери биринчи жолу Кыргызстанга жарандык авиация тармагындагы реформаларга оң баа берген расмий кат жөнөттү. Европа комиссиясынан жана ЕБдин Учуулардын коопсуздугу боюнча комитетинен келген бул документ өлкөнүн авиациялык «кара тизмеден» чыгуусуна реалдуу жол ачат.
Бул маалыматты Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин (ЖАМА) директору Данияр Бостонов тастыктады.
«Бул Кыргызстандын “кара тизмеде” турган 19 жылдык тарыхында ЕБ Комитетинен келген биринчи чыныгы оң маанайдагы кат», — деп билдирди ЖАМАнын жетекчиси.
Документте европалык тарап республиканын 2025-жылы жетишкен олуттуу прогрессин расмий түрдө тааныган. Кеп мыйзамдарды реформалоо, көзөмөлдү күчөтүү, инспекторлордун штатын көбөйтүү жана заманбап көзөмөл жол-жоболорун киргизүү жөнүндө болуп жатат.
Башкы жаңылык — ЕБ жыйынтыктоочу (финалдык) аудит үчүн Кыргызстанга атайын миссия жөнөтүүгө даяр экендигинде.
«Эң башкысы — так жазылган: эгер биз бардык процедураларды аяктоого үлгүрсөк, ЕБдин миссиясы 2026-жылдын мартында Кыргызстанга келет. Бул жыйынтыктоочу аудит болот», — деп түшүндүрдү Данияр Бостонов.
Эми ЖАМАнын алдында авиакомпанияларды кайра сертификациялоону аяктоо жана 2026-жылдын февралына чейин бардык документтерди даярдоо милдети турат.
Эксперттер муну тарыхый мүмкүнчүлүк деп аташууда. Дээрлик жыйырма жылдын ичинде биринчи жолу ЕБ менен диалог формалдуу эскертүүлөрдөн — аткарылышы кыргыз авиакомпанияларына Европа асманына кайтууга мүмкүндүк берүүчү конкреттүү «жол картасына» өттү.