Кыргызстан 27-январдан тарта бөйрөк алмаштыра баштайт

Кыргызстан 27-январдан тарта бөйрөк алмаштыра баштайт

27-январдан тарта Кыргызстан бөйрөк алмаштыра баштайт. Бул боюнча 2021-жылы 31-декабрда өкмөт кол койду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун «коронавирус деп жатып башка оорулар көбөйүп жатат. Бул илдеттердин тамыры эмнеде болуп жатат»- деген суроосуна жооп берди.

“Бөйрөктү алмаштыра баштасак, гемодиализ аппараты менен жашап калган бейтаптардын саны кыскарат. Өкмөткө кайрылып жатабыз 21 млн. ( ред. долларбы, сомбу белгисиз) акчага  атайын лаборатория ачып алсак, боорду, бөйрөктү алмаштыра баштайбыз. Андан тышкары экологиянын бузулушу жана жакырчылык оорулардын көбөйүшүнө алып келүүдө” – деди министр.

Министр анын баасы жана дареги туурасында маалыматты тактаган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>