«Кыргызстан аэропорттору» 9 жаңы өрт өчүрүүчү унаа алды

«Кыргызстан аэропорттору» 9 жаңы өрт өчүрүүчү унаа алды

«Кыргызстан аэропорттору» ААК авиациялык инфраструктураны жаңылоо программасынын алкагында 9 заманбап өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алганын билдирди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.

Сатып алынган техникалар:

  • 3 Mercedes-Benz үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа
  • 6 КамАЗ үлгүсүндөгү аэродромдук атайын техника

Унаалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • «Манас» эл аралык аэропорту — 3 унаа
  • Ош аэропорту — 4 унаа
  • «Каракол» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору — 1ден

Ишкананын маалыматына караганда, бул техникалар өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана коопсуз аракет кылууга, эл аралык стандарттарга ылайык жооп берүүчү жабдуулар менен камсыздалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>