«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат

«Кыргызстан аэропорттору» ААКы менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКы камсыздандыруу чөйрөсүндө кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке «Кыргызстан аэропортторунун» Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков кол койду.
Келишим мүлктү, транспортту, жүктөрдү, жоопкерчиликти, өмүрдү жана ден соолукту милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жаатында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле ташууларга жана авиациялык инфратүзүм объекттерин эксплуатациялоого байланышкан тобокелдиктерди камсыздандыруу каралган.
Тараптар узак мөөнөттүү кызматташуунун шарттарын иштеп чыгууну жана негизги багыттар боюнча профилдик келишимдерди түзүүнү пландаштырууда.