Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Якутияга болгон расмий иш сапарынын алкагында “Азия балдары” эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттик маалымдады.
Жолугушууда тараптар балдар жана өспүрүмдөр спорту, эл аралык кызматташууну чыңдоо жана алдыдагы ири спорттук иш-чараларга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле адистер ортосундагы тажрыйба алмашуу, билим берүү жана спорттук программаларды ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандын алдыдагы “Азия балдары” оюндарындагы катышуусу боюнча маселелерге көңүл бурулду. Тараптар буга чейин башталган биргелешкен долбоорлорду улантуу жана кызматташтыктын жаңы багыттарын иштеп чыгуу боюнча макулдашты.
Эске салсак, Кыргызстан “Азия балдары” оюндарында 1996-жылдан бери активдүү катышып келе жаткан өлкөлөрдүн бири болуп саналат.