Кыргызстандык окуучу алгачкы жолу Балкан математика олимпиадасында алтын медаль жеңди

Кыргызстандык окуучу алгачкы жолу Балкан математика олимпиадасында алтын медаль жеңди

24-29-июнь күндөрү Түндүк Македониянын Струга шаарында өткөн 29-Балкан жаштар математика олимпиадасында (JBMO) кыргызстандык окуучу биринчи жолу алтын медаль утуп, тарыхый жетишкендикке жетти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады

Маалыматка ылайык, олимпиадага 24 өлкөдөн 135 мыкты окуучу катышкан. Кыргызстандын төмөнкү окуучулар катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшкөн:

  • Акимов Ариет, Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинин 7-классынын окуучусу – алтын медаль;
  • Абдувалиев Бектен, Ош шаарындагы ISK эл аралык мектебинин 7-классынын окуучусу – коло медаль;
  • Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы Купуев академиясынын 9-классынын окуучусу – коло медаль;
  • Мухаммаднабиева Нурайым, Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу – ардак грамота.
  • Бараканов Алим жана Абдимиталипов Барсбек, ушул эле лицейдин окуучулары – катышуучулар.

«Акимов Ариеттин алтын медалы – Балкан жаштар математика олимпиадасындагы Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын медаль»,- деп билдирди министрлик.

Балкан математика олимпиадасы 1997-жылдан бери жыл сайын жаштар арасында өткөрүлүп келет, Кыргызстан ага 2015-жылдан бери катышып келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын куржунунда жалпы 6 медаль: 1 алтын, 1 күмүш, 4 коло бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>