18-июнда Брюсселде Бенилюкс Катчылыгында Кыргызстан менен Бенилюкс өлкөлөрүнүн (Бельгия, Голландия, Люксембург) ортосундагы эки келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө эки документке кол коюлду: дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу, ошондой эле уруксатсыз кирген же болгон адамдарды кайтарууну жөнгө салуучу реадмиссия жөнүндө макулдашуу.