Кыргызстан Бонн конференциясынын 62-сессиясына катышты

Кыргызстан Бонн конференциясынын 62-сессиясына катышты

Германиянын Бонн шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) алкагында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык конференциянын 62-сессиясы башталды. Конференцияга Кыргызстандын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган делегация катышууда.

Кыргызстандык делегациянын негизги милдети – тоолуу аймактардын кызыкчылыгын эл аралык аренада жылдыруу. Делегация дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоо экосистемаларын коргоого бурууга, тоолуу өлкөлөрдүн жана алардын өнөктөштөрүнүн климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн аракеттерин бириктирүүгө, тоолуу аймактарга климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча чараларды иштеп чыгууга ниеттенүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>