Кыргызстан ЕАЭБде 10 жыл: жыйынтыктар жана келечек пландар

Ысык-Көл облусунда “Кыргызстан ЕАЭБдеги 10 жыл: жыйынтыктар, чакырыктар, перспективалар” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын алкагында уюштурулду.
Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев Кыргызстандын 2015-жылы ЕАЭБге кошулуусунун стратегиялык маанисин белгилеп, 10 жыл ичиндеги негизги көрсөткүчтөргө токтолду:
- Ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү – 56,4% (аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири);
- Айыл чарба продукциясын өндүрүү дээрлик 1,5 эсеге көбөйдү;
- ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүү 2,5 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин өстү;
- Кыргызстандын продукциясынын экспорту 3 эсеге көбөйдү.
Ошондой эле ал ЕАЭБ мүчөлүгүнүн алгачкы жылдарында адаптациялык кыйынчылыктар болгонун айтып, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун экономиканы каржылоо жана технологиялык жаңылоодогу ролун жогору баалады.
Амангелдиев Кыргызстан ЕАЭБ алкагында ЖОЖдордун илимий жана билим берүү консорциумун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмин ишке киргизүү жана компетенция борборлорун өнүктүрүү демилгелерин көтөрүп жатканын кошумчалады.
Анын айтымында, ЕАЭБ алкагында келечекте санариптештирүү, кызмат көрсөтүү рыногун кеңейтүү жана илимий-техникалык алмашууну күчөтүү багытында чоң потенциал бар.
“Биргелешкен аракеттер жана стратегиялык көрөгөчтүк аркылуу гана биримдикке мүчөлүктөн ачылган мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана алабыз”, — деди ал.
Конференция интеграциянын кийинки он жылдыктагы артыкчылыктарын жана өнүгүү жолдорун талкуулоо менен жыйынтыкталды.