Кыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даяр
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Европа Биримдиги тарабынан чектөөлөр киргизилген учурда республика өз укуктарын сот тартибинде коргоо ниетин билдирди. Бул тууралуу ал «Financial Times» басылмасына берген маегинде айтты.
Данияр Амангелдиев Бишкекке карата айтылып жаткан Россияга каршы санкцияларды кыйгап өтүү боюнча айыптоолор негизсиз экенин баса белгиледи. Анын айтымында, республика эл аралык чектөөлөрдү сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат, бирок Европа тарап өз талаптарын аткаруу үчүн ушул күнгө чейин так механизмдерди жана эрежелерди сунуштай элек.
«Бул чечим биздин аброюбузга терс таасирин тийгизет. Эгерде мындай чечим кабыл алынса, биз аны сотто талашууга даяр болобуз. Биз баш ийе турган эрежелер болушу керек. Эгерде эрежелер калыптанбаса, аларды кантип сактай алабыз?» — деп белгиледи өкмөт башчынын орун басары.
Буга чейин Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Кыргызстанга жасаган сапары учурунда өлкө Россияга жабдууларды жана кош багыттагы товарларды жеткирүү үчүн каналга айланганын билдирген. Евробиримдиктин ички документтерине ылайык, Европадан Кыргызстанга мындай товарлардын импорту 800%га, ал эми республикадан РФга экспорту 1200%га өскөн. Ушуга байланыштуу Брюсселде Кыргызстанга продукциянын айрым категорияларын экспорттоого тыюу салуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө комментарий берип жатып, Амангелдиев Европадан импорттун кескин көбөйүшү негизинен өлкөдөгү гидроэлектр станцияларын куруу сыяктуу ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу экенин түшүндүрдү.
Аткаминер республиканын аймагы аркылуу тыюу салынган товарлардын транзити болгон учурларды моюнга алды, бирок бийлик мындай фактылардын алдын алууга даяр экенин баса белгиледи. Анын пикири боюнча, санкциялар жалпы өлкөгө каршы багытталбастан, айрым гана (чекиттик) мыйзам бузууларга тоскоол болушу керек.