Кыргызстан Кытайга сыра экспортун көбөйттү

Кыргызстан Кытайга сыра экспортун көбөйттү

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан Кытайга сыра экспортун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,4% көбөйткөн. Бул тууралуу  Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылды.

Ошентип, Кытайга жалпысынан 12 миллион сомго 294,2 миң литр сыра экспорттолгон.

Ал эми, Казакстанга 1,3 миллион сомго 27,5 миң литр сыра экспорттогон. Бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп.

Ошондой эле Литвага жана Россияга жеткирүүлөр токтоп, натыйжада пиво экспорту жалпысынан 13,4%га кыскарып, 321,7 миң литрди түзгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>